Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын жетекчилигинин, борбордук аппаратынын башкармалыктарынын башчыларынын катышуусунда “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдери менен таанышуу максатында жыйын өттү. Ага Ветеринардык кызматка караштуу бардык райондук жана шаардык башкармалыктардын, мекемелердин кызматкерлери толук онлайн форматта катышты.
Жыйында Ветеринардык кызматтын директору У. Кожобергенов аталган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кызматкерлерди өз ишине так болуп, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды. Ал эми Контролдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы А. Алманбетов өзгөргөртүү киргизилген айрым мыйзам актылары боюнча толук маалымат берди.