Ош облусунун Кара-Суу районунда эхинококкоз оорусун алдын алуу максатында “Медициналык дарыгер адамды дарылайт, ветеринардык дарыгер – адамзатты дарылайт” аталышындагы форум өттү. Иш-чараны Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы Ветеринардык кызматтын Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгы менен биргеликте уюштурду. Форумга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт (мэр) башчылары, айыл башчылар, айылдык ден-соолук комитеттери (АДК), социалдык кызматкерлер, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, ветеринарлар, санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлер, жайыт комитеттеринин башчылары, асыл тукум чарбалардын жетекчилери, мал союучу жайлардын ээлери, эт сатуучу дүкөндөрдүн (касапчы) ээлери болуп жалпы 450 адам катышты.
Иш-чаранын максаты – райондун аймагында эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу болду.
Милдеттери:
1 Эхинококкозго каршы күрөшүүнүн улуттук артыкчылыктары жана келечеги
2 Эхинококкозго каршы күрөшүүдө илимий жана практикалык чечимдер
3 Өлкөдөгү эхинококкоз оорусунун абалы
4 Элдин саламаттыгын эхинококкоз оорусунан сактоо жана коргоо
5 Эхинококкоз боюнча эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу
6 Адамдардын жана жаныбарлардын эхинококкоз оорусуна мониторинг жүргүзүү
7 Эхинококкоз оорусу тууралуу маалымат (маалыматтык системалар)
8 Климаттын өзгөрүү шарттарына ылайык ооруну изилдөө
9 Эхинококкоз менен күрөшүү жана алдын алуу чаралары