Зооноздук оорулардын алдын алуу боюнча ачык сабактарды уюштуруу иштери улантылууда

Ветеринардык кызматка караштуу райондук ветеринардык башкармалыктары тарабынан аймактардагы мектеп окуучулары үчүн уюштурулуп жаткан ачык сабактар уланып жатат. Бул жолу Бакай-Ата, Аламүдүн, Баткен жана Ак-Талаа райондорунун бир катар айыл аймактарындагы орто мектептеринин окуучулары үчүн зооноздук ооруларды алдын алуу боюнча маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ачык сабактар райондук мамлекеттик администрациянын, СЭС, РОВД, айыл өкмөттөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Окутуунун максаты – балдар арасында жугуштуу ооруларды болтурбоо жана санитардык гигиеналык эрежелерди сактоо чакыруу.

Эскерте кетсек, мындай саамалык Ветеринардык кызматтын Эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Эхинококкозго каршы аракеттерди консолидациялоо” форумунун алкагында уюштурулууда. Форумга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин өкүлдөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр катышкан.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp