Ветеринардык кызмат – жетекчиликтин атын жаманып алдоо жолу менен акча жасоого аракет кылгандарга ишенбөөгө чакырат!
Учурда социалдык түйүндөр аркылуу алдамчы жана шылуундар чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып, арам акча өндүрүүнүн түрдүү амалдарын ойлоп чыгарып жатат. Ошондуктан, Ветеринардык кызмат жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат!
Ошону менен бирге мындай жалган маалыматтарды таратуу мыйзам алдында жазалана тургандыгын эскертебиз!!!