Зооноздук ооруларды алдын алса болот

Өлкөнүн дээрлик бардык район, шаарларында малдан адамга жуккан бруцеллёз, эхинококкоз, сибирь жарасы, кутурма сыяктуу ылаңдарды алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чараны Ветеринардык кызматтын район, шаардык башкармалыктары жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте уюштуруп, адистер мектеп окуучуларына атайын сабактарды өтүштү. Анда оорунун жугуу жолдору жана анын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу маалыматтар берилип, бул багытта тиешелүү иштерди алып баруу жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Окутуунун максаты – балдар арасында жугуштуу ооруларды болтурбоо жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого чакыруу болду.

Адистер белгилегендей, бардык эле оорулардын механизмин алдын алуу жолдору бар. Ошол эле зооноздук ооруларды да алдын алса болот. Болгону мал-жандыкты убагында эмдөөдөн өткөрүп, жеке гигиенаны сактоо жетиштүү.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp