“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында Россия Федерациясынан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен келе жаткан 21 миң кг өлчөмүндөгү тооктун эти “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, натыйжада ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталды.
Текшерүү учурунда тооктун этинин маркировкасы жок экендиги белгилүү болгон.
“Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Россия Федерациясына “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.