Жыл башынан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн веткызматка 42 млн сом түштү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын атайын эсебине жыл башынан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн республика боюнча 42 млн 587,3 миң сом акча каражаты түштү.
Анын ичинен:
– Эмгек акыга – 22 млн 183,7 миң сом;
– Социалдык фондго – 3 млн 826,7 миң сом;
– Киреше салыгына – 2 млн 218,4 миң сом жумшалды.


Белгилесек, Ветеринардык кызматтын 2025-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 200 млн 983,5миң сом. Бул каражаттын 42 млн 587,3 миң сому эки айда аткарылды.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp