Ветеринардык кызматтын инспекторлору Астана шаарында өтүп жаткан семинарга катышууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын инспекторлору Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан үч күндүк семинарга катышып жатат.

Иш-чара Борбор Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасынын (BOMCA) 10-фазасынын алкагында уюштурулду. Семинар Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ветеринардык жана фитосанитардык кызматтарынын жаңы кызматкерлери үчүн баштапкы окутуу модулун иштеп чыгууга арналган.

Бул программанын максаты – аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту жогорулатууга, чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана чек ара аймактарында жашаган калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталат.

2003-жылы ишке киргизилген BOMCA программасы чек ара башкаруу тутумун өркүндөтүүгө, мыйзамдуу соода агымдарын жөнгө салууга жана мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы күрөшүүгө көмөктөшөт. Анын учурдагы 10-фазасы эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө, мыйзам бузууларды иликтөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө басым жасайт.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp