Бишкектин Маевка айылында санитардык-ветеринардык талапка жооп берген заманбап “Алтын казык” мал базары жана “Ангус” деп аталган мал союуучу жай курулуп жатат. Бүгүн алардын курулушу менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев таанышты.
Министр мындай комплекс калк үчүн абдан маанилүү экенин жана Бишкек шаары ири мегаполистке айланганын билдирди. Ошодой эле ал Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек мурдагыдан да чоңоюп, 1,5 миллионго чукул адам жашап жатканын, мындай шартта калкты сапатуу эт азыктары менен камсыз кылуу үчүн эл аралык санитардык-ветеринардык талаптарга жооп берген жана азык-түлүк коопсуздук чараларын алдын-алган заманбап мал базар менен касапканага болгон муктаждык чечилип жатканын кошумчалады.
Айтымында, Ата Мекендик инвесторлор менен ишкерлер бул комплексти куруп, шаар элине сапаттуу кызмат көрсөтө баштайт. Аталган комплекс ушул жылы ишке кирсе Бишкектин ичиндеги санитардык нормаларга шайкеш келбеген, мал базарлар, касапканалар жабылат. Ошондой эле экологиялык таза, ветеринардык талаптарга жооп берген эт азыктары менен калкты камсыз кылууда тийиштүү шарт түзүлөт, – деди Төрөбаев.
Эске сала кетсек, “Алтын Казык” мал базары ичине мал союучу касапканасы менен кошо жалпы 3,7 гектар аянтты ээлейт. Комплекс 2025-жылдын май-июнь айларында ишке берилери күтүлүүдө. Учурда курулуш иштери дээрлик 40 %га аткарылды. Инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен – 175 миллион сом.