Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат 2025-жылдын I кварталында 53 млн сом чогултту. Атайын эсепке мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн республика боюнча 53 млн 617,5 миң сом акча каражаты түштү.
Анын ичинен:
- Эмгек акыга – 26 млн 380,9 миң сом;
- Социалдык фондго – 4 млн 550,7 миң сом;
- Киреше салыгына – 2 млн 638,1 миң сом жумшалды.
Белгилесек, Ветеринардык кызматтын 2025-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 200 млн 983,5миң сом. Бул каражаттын 53 млн 617,5 миң сому I кварталда аткарылды.