Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына 40 автоунаа тапшырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын райондук башкармалыктарына “LADA Нива Люкс” жана “LADA Нива Урбан” үлгүсүндөгү кызматтык унаалар тапшырылды. Унаалардын ачкычын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевге тапшырды.

40 даана кызматтык унаа Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын өлкөнүн 40 районундагы башкармалыктарына жеткирилет. Сатып алынган унаалардын жалпы суммасы 43 млн 600 миң сомду түздү.

“Адамзаттын ден соолугун сактоодо ветеринарлардын ролу абдан чоң. Малдан адамга оору жуктурбоонун алдын алуу үчүн биздин ветеринарларга шарт түзүү максатында Мамлекет башчыбыздын демилгеси менен 40 унаа райондук ветеринардык башкармалыктарына тапшырып жатабыз. Себеби, алыскы жайыттарга атайын дарылоо жана эмдөө иштерин өз убагында өткөрүү үчүн ветеринарларга шарт түзүү зарыл. Биз ветеринария тармагына, жалпы эле айыл чарбага жаңы инновациялар, биотехнологиялар жана жасалма интеллект сыяктуу жасалма технологияларды киргизүүнүн, ошондой эле адамдардын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилейбиз”, – деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp