Тоң районуна өлгөн малды жана биологиялык калдыктарды өрттөп жок кылуучу крематор ишке берилди

Ветеринардык кызматтын Тоң райондук ветеринардык башкармалыгы мал-жандыктын өлүгүн жана биологиялык калдыктарды өрттөп жок кылуучу (крематор) меш менен камсыз болду. Крематор Тоң районунун Б. Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылында ишке берилди. Аталган ветеринардык крематор бир миллион сомго алынды. Ал өздүк салым катары “Кумтор Голд Компаниясы” менен FSDS коомдук фонду тарабынан каржыланды. Бул Б. Мамбетов айыл өкмөтү тарабынан салынып, 116 миң сомго крематор жайгашкан жер курчалып, үстү чатырланды.

Белгилек кетсек, мурда өлгөн мал-жандык ветеринардык эрежеге ылайык, атайын казылган беккари чуңкуруна көмүлүп келсе, эми бул крематорлордун жардамы менен малдын өлүгү, ошондой эле биологиялык, өндүрүштүк жана медициналык калдыктар өрттөлүп жок болот. Мештин көлөмү 450-500 кг түзөт.

Мындай биологиялык калдыктарды өрттөп жок кылуу – биринчи кезекте жашоочулардын саламаттыгына коркунуч жаратуучу түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алат.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp