Чүй облусундагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунун “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россия Федерациясынан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келинген 16 536 литр сүт азыктарына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганы аныкталды.
Натыйжада “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк “Ак-Тилек” өткөрүү пункту аркылуу Россия Федерациясына кайра артка кайтарылды.