Вьетнамдан алынып келе жаткан креветкалар Кыргызстанга киргизилген жок

Чүй облусуна караштуу “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү пунктунун “Ак-Жол” чек ара ветеринардык постунун инспекторлору Вьетнам Республикасынан Казакстан  аркылуу Кыргызстанга ташылып келе жаткан жүккө текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 36 баш чабак (креветки) ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербегенин жана мыйзамсыз экенин аныкташты.

 Натыйжада “Ак-Жол” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк “Ак-Жол ” өткөрүү пункту аркылуу Казакстанга кайра артка кайтарылды.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp