Бакыт Шарапов “Талас-Сүт» жабык акционердик коомуна барды

Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, “Талас-Сүт» жабык акционердик коомуна барды. Б. Шарапов ишкананын ишемердүүлүгү менен таанышып чыкты. “Талас-Сүт» ЖАК Ветеринардык кызматтын каттоосунан өткөн сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын катарына кирет.

Белгилесек, “Талас-Сүт» жабык акционердик коому бир сменада 25-30 тонна сүттү кайра иштетип чыгара алат. Завод 1979-1980-жылдары реконструкцияланып, натыйжада кубаттуулугу менен продукциянын ассортименти көбөйгөн. 1990-1991-жылдары дагы ондоп-түзөөдөн өтүп, кургак сүт чыгаруучу цех ишке киргизилген. Азыркы учурда “Талас-Сут” ЖАКда 50 адам эмгектенет.

Өндүрүлгөн продукциянын негизги ассортименти – каймак май жана майсыз кургак сүт. Ишкана 2021-жылы Россия Федерациясына 126 тонна каймак май экспорттолгон. Ал эми 2022-жылы 140 тонна каймак май экспортко чыккан. 2024-жылы кефир жана каймак куюу үчүн линия сатып алынып, ишкананын өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү жана продукция ассортименти кеңейтилди.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp