Республиканын бардык район, шаарларында сүттү кайра иштеткен ишканаларга сүттүн майлуулугуна жараша министрлик тарабынан бекитилген баа боюнча атайын баннерлер илинип жатат. Бул баннердеги баалар – базалык жана базистик майлуулугуна карата эсептөө. Эми заводдор фермерлерден сүттү белгиленген баада сатып алат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл кабардар болгондой шарт түзүлүп жатат.
Эгерде фермер менен завод ортосунда сүттүн майлуулугу боюнча пикир келишпестик жаралса, Ветеринардык кызматтын лабораторияларына кайрылса болот. Ветеринардык лаборатория экспертиза жүргүзүп, корутундуда сүттүн майлуулугу канча болсо, завод фермерден сүттү белгилеген тарифтик баада кабыл алат. Аталган таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөт.
Эскерте кетсек, бул ишканалардын баа саясатынын айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, чийки сүттү сатып алуу баасын так түшүнүү, сүт өндүрүүчүлөрдүн жана сүттү ташып келүүчүлөрдүн ортосунда түшүнбөстүктөрдү болтурбоо максатында, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы Nº724 “Уйдун чийки сүтүндөгү майдын жана белоктун негизги ченемдерин белгилөө жөнүндө” жана 2024-жылдын 14-мартындагы Nº 1950-VII “Сүткө сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун негизинде, уйдун чийки сүтүндөгү майлуулугунун негизги нормасын – 3,4 % жана белок 2,8 % эске алуу менен сүттүн баасы бекитилип жатат.