Талас облусунда сүттү кайра иштетүүчү алты ишкана Ветеринардык кызматтын реестрине катталды.
Алар:
“Арашан” ААК;
“Талас-Сүт” ЖАК;
“Талас Даамы” ЖЧК;
“Эмилия” ЖЧК;
Н. Төрөкулова ЖК;
“Эжигей” ЖЧК;
Сүттүн наркы анын майлуулугуна жараша министрлик бекиткен бааы менен сатылат. Мисалы, майлуулугу 3,2-3,4 % болгон сүт – 32 сом, ал эми 3,4% – 38 сомдон болот.
Аталган алты ишкананын төртөө өз продукциясын («Арашан» ААК, «Талас-Сүт» ЖАК, «Талас Даамы» ЖЧК, «Эмилия» ЖЧК) ЕАЭБ аймагына, анын ичинде Россия Федерациясына экспорттой алат.
Ошондой эле, “Талас-Сүт” ЖАК өз продукциясын Өзбекстанга экспортко чыгарат. Ал эми “Арашан” ААКсы, “Эмилия” ЖЧКсы жана “Талас Даамы” ЖЧКсы Кытай Эл Республикасынын реестринде катталган.