Үч айда 9 миллионго жакын жумурутка Казакстанга экспорттолду

2025-жылдын үч айында 8 млн 812 миң 800 даана жумурутка Казакстан Республикасына экспорттолду.

2024-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда:

– Импорттун көлөмү 10 760 760 даанага азайган.

– Экспорттун көлөмү 8 756 200 даанага көбөйгөн.

Бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагына коңшулаш өлкөлөрдөн импорттолгон жумурткалар катталган эмес.

2025-жылдын үч айында Кыргызстан 2 261 480 даана инкубациялык жумуртка гана импорттогон. Ал төмөнкү өлкөлөр: Түркия, Өзбекстан, Россия, Франция жана Дания.

Белгилесек, республика боюнча эң жогорку продуктивдүү тооктор Чүй облусунун чарбаларында багылат. Мамлекеттик жардам максатында, малдын жана канатуулардын тоюттары жана тоюттардын кошулмалары импортун кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp