Ветеринардык кызмат жана БДЖССУ өкүлү кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты

Ветеринардык кызматтын жетекчилиги Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (БДЖССУ) Борбордук Азия боюнча субрегионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, доктор Мереке Тайтубаев менен Бүткүл дүйнөлүк “Ветеринардык дарыгелер” күнүнө арналган жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Ага Ветеринардык кызматка караштуу мекемелердин жана борбордук аппараттын башкармалыктарынын башчылары катышты.

Жолугушууда тараптар жаныбарлардын саламаттыгын көзөмөлдөө боюнча кызматташууну тереңдетүү, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана кооптуу жугуштуу оорулардын жайылышына бөгөт коюу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, ветеринардык көзөмөл процедураларын күчөтүү жана маалымат алмашуу механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, доктор Мереке Тайтубаев Бүткүл бүткүл дүйнөлүк “Ветеринардык дарыгер” күнүнө карата Кыргызстандын ветеринарлар ассоциациясынын төрагасы Эрмек Түнкатаровго БДЖССУнун Борбордук Азия боюнча субрегионалдык өкүлчүлүгүнүн ыраазычылык катын тапшырды. Бул сыйлык Кыргызстандын ветеринардык системасындагы активдүү салымы жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилди.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp