Бодо малдар арасында коркунучтуу ылаңдар катталган жок

Өлкөдө бодо малдар арасында өтө коркунучтуу деп саналган шарп оорусу, кой-эчкилер арасында күл, кыргын жана башка ылаңдар катталган жок. Жалпы республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу сакталууда.

Эпизоотияга каршы бекитилген иш-пландын негизинде, Ветеринардык кызмат тарабынан сатып алынган биокаражаттар ветеринардык талаптарга ылайык атайын муздаткычтарда райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктарга өз убагында бөлүштүрүлүп жеткирилди. Бул биокаражаттар малды эмдөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында колдонулду.

2025-жылдын март айына карата республика боюнча жалпы 4 088,3 миң баш малга ветеринардык-санитардык жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Атап айтканда:

• Диагностикалык изилдөөлөр жана башка текшерүүлөр – 320,5 миң баш малга,

• Алдын ала эмдөөлөр – 3 592,6 миң баш малга,

• Дегельминтизация (паразиттерге каршы дарылоо) – 169,0 миң баш малга жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаралардын натыйжасында, 2025-жылдын I кварталына бекитилген план 127% аткарылды. Жогоруда көрсөтүлгөн ылаңдарга карата тиешелүү аймактарда карантин жана чектөөлөр киргизилип, бардык ветеринардык-санитардык иш-чаралар тиешелүү инструкцияларга ылайык жүргүзүлдү.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp