Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Ветеринардык кызматтын эки өкүлү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Ардак грамотага ээ болгон кызматкерлер:
• Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов;
• Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгынын “Бишкек Сити” соода борборундагы №5 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясынын башчысы Айыпбек Исаев.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи министрликте өтүп, аны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев өткөрдү. Бул сыйлыктар – өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун камсыздоодо, жарандардын саламаттыгы менен азык-түлүк коопсуздугун сактоодо эмгектенип жаткан адистердин ишине берилген жогорку баа болуп саналат.