Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин ветеринардык факультетине барып, ассимиляторлорду даярдоо борборунун иши менен таанышты. Андан соң ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу боюнча семинарга катышты.
Иш-чарада Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов мал чарбачылыгындагы генетикалык потенциалды көтөрүү аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча баяндама жасады.
Семинарга тийиштүү министрлик жана мекемелердин өкүлдөрү, ветеринардык жана агрардык кызматкерлер, фермерлер жана уруктандыруучу адистер катышып, жасалма уруктандыруу технологиясынын мааниси, натыйжалуулугу жана айыл чарбасындагы ролу тууралуу маалымат алышты.
Ошондой эле, катышуучуларга жасалма уруктандыруу процесси, колдонулуучу жабдуулар, генетикалык материалдын тандалышы жана малдын тукум сапатына тийгизе турган таасири тууралуу маалымат берилди.
Семинардын негизги максаты — айыл чарба малдарынын асылдуулугун жогорулатуу үчүн жасалма уруктандырууну кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү.
Белгилей кетсек, учурда мамлекеттик деңгээлде жасалма уруктандырууга өзгөчө көңүл буруулууда. Ал үчүн Министрлер Кабинети тарабынан 17,5 млн сомго 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандары алынууда. Булардын бардыгы облустарга таратылып берилет. Мындан сырткары, республикалык бюджеттен малды жасалма уруктандыруу үчүн 60 млн сом берилди. Бул каражатка жогорку сапаттагы 270 миң доза урук сатып алып, аны өлкө боюнча 180-200 миң уйга жасалма уруктандыруу жүргүзүлөт. Нарын облусунда үч миң баш ири мүйүздүү мал жасалма уруктандырылып, 1912 музоо алынды. Бул — мамлекеттин, адистердин жана фермерлердин биргелешкен аракетинин жыйынтыгы.