Ош облусундагы “Достук” көзөмөл өткөрүү пунктунун “Достук” чек ара ветеринардык постунун инспекторлору Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүккө текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 13 400 кг бодо малдын ич эти ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербегенин жана мыйзамсыз экенин аныкташты.
Натыйжада “Достук” чек ара ветеринардыккөзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк “Достук” өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстанга кайра артка кайтарылды.