Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектеген делегация Париж шаарында Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) Башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту.
Жолугушууда ветеринардык тармакты өнүктүрүү, жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча бир катар маселелер талкууланды. Тараптар келечектеги кызматташуунун багыттарын белгилеп, конкреттүү пландарды кароого макулдашты.
Ошондой эле, тараптар ветеринардык кадрларды окутуу, лабораториялык базаны чыңдоо жана маалымат алмашуу боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти. Бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасындагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да өбөлгө түзөт.
Белгилесек, жаныбарлардын ооруларынын алдын алуу, диагностикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана эл аралык стандарттарга шайкеш иш-аракеттер Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда.
Бул жолугушуу Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы этабына жол ачары күтүлүүдө.