Франциянын Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгы уюмунун (WOAH) 92-Башкы сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов менен Белоруссия Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары – Ветеринария жана тамак-аш коопсуздугу департаментинин директору Иван Смильгинь расмий жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда тараптар ветеринардык тармактагы өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда:
- жаныбарлардан алынган азыктарды экспорттоо жана импорттоо маселелери;
- ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды өткөрүү;
- лабораториялык ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу багытындагы кызматташтык.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Белоруссия Республикасынын эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык лабораторияларын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториялык адистерин жакынкы арада Белоруссияда окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты.
Бул макулдашуу ветеринардык кызматтын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстанда жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүүгө багытталган.