Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов Литванын Мамлекеттик азык-түлүк жана ветеринардык кызматынын башкы ветеринардык врачы Вайдотас Кюдулас менен жолугушту.
Жолугушуу ветеринария жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өз ара тажрыйба алмашууга багытталды. Тараптар жаныбарлардын саламаттыгына, азык-түлүк коопсуздугуна жана трансчекаралык оорулар менен күрөшүүгө тиешелүү маселелерди талкуулашты.
Өз кезегинде Кюдулас Мырза ветеринардык контролдоо, эпизоотиялык көзөмөл жана жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоодо жана алдын алууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча литвалык тажрыйбасы менен бөлүштү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын эл аралык жана европалык стандарттарга шайкеш келтирүүдө кызматташуунун келечеги талкууланды. Бул экспортту өнүктүрүүгө жана соода байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары тараптар аймактык жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурган жаныбарлардын коркунучтуу ылаңдарынын, анын ичинде шарп, африкалык чочко ылаңынын жана башка трансчек аралык оорулардын жайылышын алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттерге даярдыгын билдиришти. Ал ортодо ветеринардык кызматтардын адистери үчүн биргелешкен окутуу программаларын, такшалмаларды жана семинарларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов: “Бул жолугушуу биздин кызматташуубуз үчүн жаңы горизонтторду ачат жана ветеринария жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы учурдагы чакырыктарды натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Биз Литванын тажрыйбасын жогору баалайбыз жана мыкты тажрыйбаларды колдонууга даярбыз” – деп билдирди.
Ал эми Вайдотас Кюдулас: “Литва ар дайым өз тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүүгө даяр. Кыргызстан менен байланыштарды чыңдоо региондогу ветеринардык бакубаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга өз ара пайда алып келет деп ишенебиз” – деп кошумчалады.