Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат 2025-жылдын 5 айында 84 млн сом чогултту. Атайын эсепке мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн республика боюнча 84 млн 021,7 миң сом акча каражаты түштү.
Анын ичинен:
• Эмгек акыга – 40 млн 538,6 миң сом;
• Социалдык фондго – 6 млн 992,9 миң сом;
• Киреше салыгына – 4 млн 053,9 миң сом жумшалды.
Белгилесек, Ветеринардык кызматтын 2025-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 200 млн 983,5 миң сом. Бул каражаттын 84 млн 021,7 миң сому 5 айда аткарылып, жылдык пландын 41,8 %ын түздү.