Кыргыз делегациясы Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шараповдун жетекчилиги алдында кесиптик дараметин жогорулатып, тажрыйбасын арттыруу максатында жумушчу сапар менен Беларусь Республикасына барып келишти.
Сапардын максаты — асыл тукум мал чарбачылыгындагы алдыңкы ыкмаларды жана продукцияны кайра иштетүү процессин изилдөө.
Сапардын алкагында төмөнкү негизги уюмдар менен жолугушуулар өттү:
1. Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги Асыл тукум ишин жүргүзүүдөгү мамлекеттик саясат менен таанышуу;
2. “Жаныбарлар чарбасындагы маалыматтык системалар борбору” ММ (airc.by) Жаныбарларды идентификациялоо жана продукциянын каймылдуулугун көзөмөлдөө системасы менен таанышуу;
3. Беларусь Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ГИВЦ ишканасы (givc.by) Статистикалык маалыматтарды чогултуу жана анализдөө технологияларын изилдөө;
4. Минск асыл тукум чарбасы (plemminsk.by)
Асыл тукум материалын тандоо, чогултуу жана экспертизадан өткөрүү, селекциялык иштердин практикасы менен таанышуу;
5. Минск сүт заводу №1 ААК (belmilk.by)
Сүттү кайра иштетүү технологиялары жана продукциянын ассортименти менен таанышуу
Сапардын жыйынтыгы:
Кыргыз делегациясы баалуу практикалык тажрыйбага ээ болду, бул:
• Мал чарбачылыгында санариптештирүүнү өнүктүрүүгө
• Продукциянын каймылдуулугун камсыз кылууга
• Асыл тукум базасын жакшыртууга
• Жана келечекте сүт азыктарын экспорттоону кеңейтүүгө өбөлгө болот
Бул иш сапар Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө чоң кадам жасалды.