Улугбек Кожобергенов жаныбарлардын чек ара аркылуу жайылуучу оорулары боюнча эл аралык жыйынга катышууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Улугбек Кожобергенов жаныбарлардын чек ара аркылуу жайылуучу оорулары боюнча эл аралык кеңешме жыйынга катышып жатат. Аталган иш-чара Россия Федерациясынын Вологда облусунда өтүүдө.

Кеңешменин алкагында Улугбек Кожобергенов баяндама жасап, анда азык-түлүк коопсуздугун жана өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн ветеринардык тармактын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, эпизоотиялык туруктуулукту камсыздоо – кызматтын артыкчылыктуу милдеттеринин бири бойдон калууда.

“Биз потенциалдуу коркунучтарды өз убагында аныктоого, ветеринардык көзөмөлдү бекемдөөгө жана айыл чарба жаныбарлары, өзгөчө канаттуулар арасында коркунучтуу оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө умтулабыз”, — деп белгиледи директор.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчилиги жана Россия Федерациясынын Айыл чарба министринин орун басары Увайдов Максим Иосифович менен эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp