Мал уурулук боюнча өткөн рейддик иш-чарада 240 көрсөтмө жазылды

Өлкө боюнча өткөрүлгөн “Мал уурулук – Веткөзөмөл” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталды. Эки айга созулган рейддик иш-чаранын алкагында Ветеринардык кызматтын жана Ички иштер органдарынын райондук жана шаардык башкармалыктарынын, ошондой эле жергиликтүү ветеринардык көзөмөлдөө пункттарынын кызматкерлери менен биргеликте республика боюнча 33 пост уюштурулду. Натыйжада жүздөгөн тирүү малдын ветеринардык коштомо документтери жок экени аныкталды.

Жогорудагы мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жоюу максатында 240 көрсөтмө жазылып берилди.
Иш-чаранын негизги максаты — мал уурулуктун алдын алуу, мал жана эт продукцияларынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу, ошондой эле ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү жана мал идентификациясынын талаптарын сактоо болду.

Бул иш-чара аркылуу мал чарбасындагы мыйзам бузууларды аныктоо менен катар, жарандардын коопсуздугун жана жаныбарлардын эпизоотиялык абалын көзөмөлдөө багытында олуттуу кадамдар жасалды.

Ветеринардык кызмат бул багыттагы ишмердүүлүгүн тынымсыз улантып, коомдук коопсуздукту жана жарандардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча чараларды мындан ары да күчөтөт.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp