Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Улугбек Кожобергенов кызматтын түзүмүнө жаңыдан кирген “Кыргыз мамлекеттик асыл тукум завод” мамлекеттик ишканасынын жана облустук филиалдарынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө кызматтын директору бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырылган иштер менен таанышып, чарбалардын учурдагы абалы талкууга алынды. Филиалдардын жетекчилери жайыт жана тоют маселеси, идентификация (биркалоо), кочкорлорду алмаштыруу жана асыл тукумду жакшыртуу боюнча муктаждыктарды айтышты.
Бул маселелердин негизинде чечүү жолдору сунушталып, Кызматтын директору ар бир чарба үчүн өзүнчө өнүктүрүү планын түзүү тапшырмасын берди.
Бүгүнкү күндө «Кыргыз мамлекеттик асыл тукум завод» мамлекеттик ишканасындагы малдын жалпы саны төмөнкүдөй:
• кой – 10 395 баш,
• жылкы – 83 баш,
• эчки – 2 310 баш.
Ал эми Мамлекеттик асыл тукум заводорунун аталышы төмөнкүдөй:
“Оргочор”
“Кочкор”
“Тянь-Шань”
“Нарын”
“Лушихина”
“Талас”
“Катта-Талдык”
“Көк-Бел”
“Тегирмен-башы”