200 миң баш уй жасалма уруктандырылат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкө боюнча сатып алынган бодо малды жасалма уруктандыруучу 160 жабдык-шаймандарынын 18 даанасын бүгүн Чүй облусунун техник-уруктандыруучуларына тапшырды.

Долбоор Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан ишке ашып жаткан Дүйнөлүк банктын «Туруктуу агро-азык түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашты.

Ар бир комплект толук жасалма уруктандыруу үчүн зарыл болгон шаймандардын топтомун камтыйт – тоңдурулган урукту сактоо үчүн Дьюар идиштери, шприц катетерлер, эритүүчү термостаттар жана термометрлер.

“Президентибиз Садыр Жапаровдун агроөнөр жай тармагына өзгөчө көңүл бөлгөнүн натыйжасында, мамлекет тарабынан айыл чарбасын колдоо алгылыктуу жүргүзүлүп жатат. Министрлер Кабинети “Асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбооруна 1 млрд 849 млн сом бөлүп, долбоор ишке ашууда. Жасалма уруктандырууну өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 60 млн сом бөлүнүп, кеминде 200 миң баш уй жана кунаажынды жасалма уруктандыруу пландалууда”, – деп билдирди өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, жасалма уруктандыруу:

• тукум сапатын жакшыртат;

• өндүрүмдүүлүктү жогорулатат;

• чыгымды азайтып, кирешени көбөйтөт;

• жугуштуу оорулардан сактайт;

• тукумсуздукту алдын алат.

Маалымат үчүн: Акыркы жылдары бул тармак туруктуу өсүүдө жана өлкө экономикасына олуттуу салым кошууда. 2025-жылдын январь–май айларында ички дүң продукция 573,1 млрд сомду түзүп, 12,3 %га өстү. Айыл чарба өндүрүшү 82,3 млрд сом болуп, анын ичинен мал чарбасынын өсүү темпи 103 % түзгөн.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча:

• Ири мүйүздүү мал – 1 млн 828 миң баш (өсүш 1,5%);

• Уйлар – 918,6 миң (өсүш 1,8%);

• Кой жана эчки – 6 млн 283 миң (өсүш 1,1%);

• Жылкы – 553,5 миң баш (өсүш 2,0%).

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp