“Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору” Мамлекеттик мекемесинин Химия-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмү эт, сүт, жумуртка, балык жана бал сыяктуу азыктардагы антибиотиктердин жана антимикробдук химиотерапевтикалык заттардын калдыктарын аныктайт. Жалпысынан 70тен ашык зат сапаттык ыкмалар менен лабораториялык шартта текшерилет. Бул өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө, ошондой эле чет өлкөлөргө мал чарбачылыгына байланыштуу продукцияны тоскоолдуксуз чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан сырткары, бөлүм төмөнкү коркунучтуу кошулмалардын калдыктарын аныктайт:
• Уулуу оор металлдар: кадмий, свинец, мышьяк;
• Хлорорганикалык пестициддер — айлана-чөйрөгө жана адам ден соолугуна кооптуу уулу заттар.
Бөлүм ошондой эле чийки эт азыктарын изилдеп, анын эттин түрүн идентификациялоо иштерин жүргүзөт. Бул ыкма аркылуу кой, уй, тоок, чочко, жылкы, ит, мышык сыяктуу жаныбарлардын эти так аныкталат. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында химиялык жана физикалык көрсөткүчтөрдү (мисалы: нымдуулук, кислоталуулук, белок, май курамы ж.б.) да изилдөө жүргүзүлөт.
Ветеринардык лаборатория республика боюнча жарандардын ден соолугу үчүн коопсуз азыктар менен камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.
Белгилей кетсек, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эл аралык стандартка шайкеш келген 12 ветеринардык лабораториясы аккредитациядан ийгиликтүү өтүп иштеп жатат. Алсак, Бишкекте – 3, Ошто – 3 жана Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Балыкчы, Караколдо бирден лаборатория.
Аккредитация болгон лабораториялар ИСО-МЭК 17025 Эл аралык стандарттын талаптарына жана улуттук аккредитациялоо критерийлерине ылайык болгон лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
Мындай лабораториялар эпизоотиялык тобокелдиктердин өсүү шарттарында биологиялык коопсуздукту, эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык деңгээлде жыйынтыктарды таануу үчүн аба-суудай керек.