Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Эхинококкозго каршы аракеттерди консолидациялоо” аталышындагы форум өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) биргеликте уюштурулду.
Иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттери менен өнөктөштөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Улугбек Кожобергенов чыгып сүйлөп, Кыргызстанда эхинококкозго каршы көрүлүп жаткан аракеттер жана мындан аркы багыттар тууралуу кеңири маалымат берди. Анын айтымында, эхинококкоз — бул адамдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жараткан, жаныбарлар аркылуу жугуучу зооноздук оору болуп саналат. Бул илдет менен күрөшүүдө бир гана ветеринаринарлар эмес, ден соолук, санитария, билим берүү, жамааттык башкаруу жана калк менен тыгыз байланыш талап кылынат.
Форумдун негизги максаты – эхинококкоз сыяктуу кооптуу зооноздук илдеттерге убагында жооп берүүчү жана алардын адамдарга жана улуттук экономикага тийгизген терс таасирин азайтууга жөндөмдүү туруктуу системаны түзүү болуп саналат.
Милдеттери:
-Эхинококкозго каршы күрөшүүнүн улуттук артыкчылыктары жана келечеги;
-Эхинококкозго каршы күрөшүүдө илимий жана практикалык чечимдер;
-Өлкөдөгү эхинококкоз оорусунун абалы
-Элдин саламаттыгын эхинококкоздон сактоо жана коргоо;
-Эхинококкоз боюнча эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу
-Адамдардын жана жаныбарлардын эхинококкоз оорусуна мониторинг жүргүзүү;
-Эхинококкоз оорусу тууралуу маалымат (маалыматтык системалар);
-Климаттын өзгөрүү шарттарында ооруну изилдөө;
-Эхинококкоз менен күрөшүү жана алдын алуу чаралары;
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар эхинококкоз жана башка зооноздор боюнча эпидемиологиялык кырдаалды, ошондой эле натыйжалуу диагностика жана дарылоо үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо маселелерин карап чыгышты. Ошондой эле, оорунун жайылышын азайтууга багытталган калкты маалымдоо иштери, гигиеналык эрежелерди сактоо жана жаныбарларды өз убагында дегельминтизациялоо сыяктуу алдын алуу чаралары баса белгиленди.
Форумдун жыйынтыгында катышуучулар жаныбарлардан адамдарга жугуучу ооруларды таанып-билүү, алдын алуу жана эффективдүү күрөшүү боюнча мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.