Жайлоолордо эпизоотикалык абал боюнча мониторинг уланууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин алдындагы Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын райондук ветеринардык башкармалыктарынын кызматкерлери жайлоолорду кыдырып, эпизоотиялык абалга мониторинг жүргүзүп жатышат.

Иш-чаранын алкагында жайыт маселелери да талкууланып, малчылар менен жеринде жолугушуулар өткөрүлүүдө. Ошондой эле жайлоолордо мал ээлерине ыңгайлуу шарт түзүү үчүн көчмө ветеринардык аптекалар уюштурулууда.

Аймактарда абал туруктуу – мал-жандыктар арасында жугуштуу оорулардын белгилери аныкталган жок. Мындан тышкары, мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эпизоотиялык коопсуздукту камсыздоо жана алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди.

Бул иштер мал чарбачылыгын өнүктүрүү, малдын саламаттыгын сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында системалуу түрдө улантылат.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp