Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы “Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору” мамлекеттик мекемесинин Серология бөлүмү мал чарбачылыкты коргоо жана жугуштуу оорулардын алдын алууда маанилүү функцияны аткарат.
Бөлүмдүн негизги багыты – тирүү малдын алты негизги жугуштуу оорусуна серологиялык ыкмалар аркылуу лабораториялык изилдөө жүргүзүү. Алар:
• Бруцеллёз
• Эпидидимит
• Хламидиоз
• Сап
• Паратуберкулёз
• Аттардын жугуштуу аз кандуулугу
Сезон учурунда бөлүмгө күнүнө 2-3 миңге жакын кандын үлгүлөрү келет. Бул иштер оорулардын алдын алуу, убагында аныктоо жана ветеринардык коопсуздукту бекемдөө максатында жасалат. Ошондой эле изилдөөлөр эл аралык стандарттарга ылайык заманбап серологиялык методдор аркылуу жүргүзүлүп, алынган маалыматтар республикалык ветеринардык системадагы эпизоотиялык абалды көзөмөлдөөгө жана корутундуларды чыгарууга негиз болуп берет.
Серология бөлүмү – ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 сертификатына ээ. Ал ветеринардык диагностикадагы эл аралык талаптарга жооп берип, дартты так аныктоого жана алынган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.