Эттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилет. Мындай чечим Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.
Көзмөлдөөнүн максаты – эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малдын чек арадан кирип-чыгышын контролдоо, малды экспортоого сандык чектөө киргизүү болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагында эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жана анализ жүргүзүп туруу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жүктөлдү. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына мал ташуучу жеке ишкерлерге ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүү, Чек ара кызматы менен биргелекте аткезчиликке каршы күрөшүү жаатында тапшырмалар коюлду.