Ветеринардык лаборатория кызматкерлери балык ооруларын диагностикалоо көндүмдөрүн үйрөнүштү

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын “Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору” мамлекеттик мекемесинин базасында ветеринардык лаборатория кызматкерлери үчүн балык ооруларын диагностикалоо көндүмдөрү боюнча үч күндүк семинар өткөрүлдү.

Окутуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен уюштурулуп, Россия Федерациясынын Балык жана айыл чарба продукциясынын коопсуздугу боюнча улуттук борборунун Приморск филиалынын серология жана вирусология бөлүмүнүн адистери теориялык лекцияларды жана практикалык сабактарды өтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар балыктын ар кандай ооруларын, анын ичинде мите, вирустук, бактериялык жана жугуштуу эмес ооруларды талкуулашты. Өзгөчө көңүл балыктардын чоң зыян алып келиши мүмкүн болгон патологияларына жана ооруларына бурулду.

Семинардын негизги максаты – ветеринардык адистердин жана тармактагы дарыгерлердин билимин бекемдеп, балык ооруларын өз убагында аныктап, туура чара көрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.

Окутуу клиникалык учурларды, реалдуу диагностика процесстерин жана актуалдуу патогендерди талдоону камтыды. Мындай ыкма катышуучулардын алган билимин практикада колдонууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле өлкөдөгү балык чарбачылыгынын өнүгүшүнө, жарандардын коопсуз жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз болушуна чоң салым кошот.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp