Кыргызстандын аймагында бодо малды жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окутуу программасы старт алды. Азыркы тапта Чүй облусундагы техник-уруктандыруучулар үчүн үч күндүк семинар өтүп жатат.
Окутуунун алкагында катышуучулар жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары, малды көбөйтүүнүн заманбап методдору, асылдандыруунун негиздери боюнча терең теориялык билим жана практикалык көндүмдөргө ээ болууда.
Бул иш-чара Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана малдын асыл тукум сапатын жакшыртуу максатында уюштурулууда. Семинар Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте өткөрүлүп жатат.
Эскерте кетсек, бир ай мурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкө боюнча сатып алынган бодо малды жасалма уруктандыруучу 160 жабдык-шаймандарынын 18 даанасын Чүй облусунун техник-уруктандыруучуларына тапшырган.
Белгилесек, жасалма уруктандыруу:
* тукум сапатын жакшыртат;
* өндүрүмдүүлүктү жогорулатат;
* чыгымды азайтып, кирешени көбөйтөт;
* жугуштуу оорулардан сактайт;
* тукумсуздукту алдын алат.
Маалымат үчүн: Акыркы жылдары бул тармак туруктуу өсүүдө жана өлкө экономикасына олуттуу салым кошууда. 2025-жылдын январь–май айларында ички дүң продукция 573,1 млрд сомду түзүп, 12,3 %га өстү. Айыл чарба өндүрүшү 82,3 млрд сом болуп, анын ичинен мал чарбасынын өсүү темпи 103 % түзгөн.