Чүйдө техник-уруктандыруучулар заманбап жасалма уруктандыруу ыкмаларын өздөштүрүүдө

Чүй облусундагы техник-уруктандыруучулар үчүн уюштурулуп жаткан үч күндүк акысыз семинардын практикалык окутуусу “Кыргыз мамлекеттик асыл тукум” заводунун базасында өтүп жатат. Алар бул жерде жасалма уруктандыруу ыкмаларын өздөштүрүп, заманбап жабдуулар менен иштөө тартибин үйрөнүп практикалык көндүмдөргө ээ болушууда.  

Семинар Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана малдын асыл тукум сапатын жакшыртуу максатында уюштурулууда. Семинар Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Эскерте кетсек, бир ай мурда өлкө боюнча бодо малды жасалма уруктандыруучу 160 жабдык-шайман сатылып алынган. Анын 18 даанасы Чүй облусунун техник-уруктандыруучуларына тапшырылган болчу.

Белгилесек, жасалма уруктандыруу:

* тукум сапатын жакшыртат;

* өндүрүмдүүлүктү жогорулатат;

* чыгымды азайтып, кирешени көбөйтөт;

* жугуштуу оорулардан сактайт;

* тукумсуздукту алдын алат.

Маалымат үчүн: Акыркы жылдары бул тармак туруктуу өсүүдө жана өлкө экономикасына олуттуу салым кошууда. 2025-жылдын январь–май айларында ички дүң продукция 573,1 млрд сомду түзүп, 12,3 %га өстү. Айыл чарба өндүрүшү 82,3 млрд сом болуп, анын ичинен мал чарбасынын өсүү темпи 103 % түзгөн.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp