Чүй облусундагы техник-уруктандыруучуларга суюк азот жана урук таратылды

Чүй облусунда жасалма уруктандыруу иштерин натыйжалуу жүргүзүү максатында техник-уруктандыруучуларга суюк азот жана урук таратылып берилди.

Суюк азот малдын уруктарын атайын контейнерлерде сактоого колдонулат. Бул ыкма уруктун сапатын узак убакытка жоготпой сактап, мал чарбасында асыл тукумду жайылтууга өбөлгө түзөт.

Мындай колдоо мал чарбасын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттырууга багытталган. 

Эми фермерлер “Симментал”,  Швиц”, “Абердин-Ангус” жана “Голштино-Фрис” породасындагы жогорку сапаттагы букалардын уруктарын бекер алышат. Ал үчүн жашаган жериндеги техник-уруктандыруучуга кайрыла алат.

Масалма уруктандыруу – малдын асылдуулугун жогорулатып, жугуштуу ылаңдардан сактайт. Быйыл жасалма уруктандырууну өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 60 млн сом бөлүнүп, кеминде 200 миң баш уй жана кунаажынды жасалма уруктандыруу пландалууда.

Белгилей кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Швейцариядан жана Россия Федерациясынан жогорку сапаттагы букалардын уруктарын сатып алды.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp