Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматында кеңири жыйын өттү

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шараповдун жетекчилиги алдында бардык кызматкерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага борбордук аппараттын кызматкерлери менен катар бардык райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчылары онлайн форматта кошулушту.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Атап айтканда:

  • мал базарлардын ишин тартипке келтирүү;
  • эттин дүң баасын туруктуу кармоо боюнча иш алып баруу;
  • жасалма уруктандыруу;
  • эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө жана туруктуулугун камсыз кылуу;
  • зооноздук оорулардын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • ветеринардык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу;
  • сандык көрсөткүчтөрдөн сапаттык көрсөткүчтөргө өтүү.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилип, белгиленген багыттар боюнча ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp