Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы фермерлерди мал чарбачылыктан жогорку киреше алуу үчүн асыл тукум малды көбөйтүүгө жана заманбап технологияларды пайдаланууга чакырат.
Адистердин айтымында, бул максатка жетүү үчүн төмөнкү чараларды көрүү зарыл:
- асыл тукум букаларды илимий негизде тандоо;
- жасалма уруктандыруу технологиясын кеңири колдонуу;
- тоют базасын сапаттуу жана жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу;
- зоотехникалык эсеп-кысапты так жүргүзүү.
Асыл тукум малды туура пайдалануу ар бир уйдун жылдык сүт өндүрүмдүүлүгүн 20–25 пайызга чейин жогорулатууга, ал эми фермерлердин кирешесин бир нече эсеге көбөйтүүгө шарт түзөт.
Мисалга алсак, “Чабрец” асыл тукум заводундагы Швиц породасындагы “Заноза”, “Зорка”, “Блондинка” жана “Зелень” аттуу уйлары бир жылдын 305 күнүндө 9 миң литрден ашык сүт берген. Бул көрсөткүч өлкөдө сүт багытындагы мал чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүү мүмкүн экенин айгинелейт.
Эскертүү: эгер сиз да асыл тукум мал багууну кааласаңыз, анда малды жасалма уруктандырыңыз. Ал үчүн жергиликтүү техник-уруктандыруучу кайрылсаңыз болот.


