Адилет Сотовалдиев “Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев кызматтын алдындагы “Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасына барып, ишкананын ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары менен таанышты.

Иш сапардын алкагында директор өндүрүштүк базаны, техника жана жабдуулардын абалын, ошондой эле асыл тукум малдарды өстүрүү багытындагы иштерди көрүп чыкты.

Белгилеп кетсек, жакында мамлекеттик ишкана 1 млн 200 миң АКШ долларына толук жаңылоодон өтүп, заманбап талаптарга ылайык техникалык базасы күчтөнөт. Бул багытта курулуш иштерине чейинки даярдыктар кызуу жүрүүдө.

Мындан тышкары, фермерлер үчүн 3%дык жеңилдетилген кредит негизинде асыл тукум мал сатып алуу жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Бул демилге аймактарда сапаттуу асыл тукум малды көбөйтүүгө жана чарбалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

Директор Адилет Сотовалдиев бул аракеттер мал чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, фермерлерге чоң жардам берерин белгиледи.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp