Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиевдин жетекчилиги алдында бардык кызматкерлердин катышуусунда жыйын өттү. Иш-чарага бардык райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчылары онлайн форматта кошулушту.
Жыйында тармактагы актуалдуу маселелер жана алардын чечүү жолдору кеңири талкууланды. Атап айтканда, төмөнкү багыттар боюнча пикир алмашуу жүрдү:
• өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө жана туруктуулугун камсыз кылуу;
• зооноздук оорулардын алдын алуу максатында эмдөө иштерин жүргүзүү;
• малды идентификациялоо иштерин өркүндөтүү;
• жасалма уруктандырууну жайылтуу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу;
• жайыт жана тоют маселелерин чечүү боюнча комплекстүү чараларды көрүү;
• ветеринардык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу;
• базарларды иретке келтирүү;
• тармакта сандык көрсөткүчтөрдөн сапаттык көрсөткүчтөргө өтүү маселеси.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилип, белгиленген багыттар боюнча ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Директор Адилет Сотовалдиев тармактагы ар бир кызматкердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана калктын ветеринардык коопсуздугун камсыз кылуу башкы максат экенин белгиледи.





