Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздарга ветеринардык жардам көрсөтүлдү

Министрлер Кабинетинин чечими менен Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү максатында түзүлгөн делегациянын курамында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эки кызматкери да иш сапарда болушту.

Иш сапардын жүрүшүндө Кичи жана Чоң Памирге бөлүнгөн ветеринардык гуманитардык жардам толугу менен жеткирилип, жеринде бөлүштүрүлүп берилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын айыл чарба мал-жандыктарынын саны такталып, ветеринардык кароодон өткөрүлдү.

Жыйынтыгы боюнча:

• төө – 10 баш,

• жылкы – 40 баш,

• ири мүйүздүү мал (топоз) – 367 баш,

• майда жандык (кой, эчки) – 840 баш текшерүүдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары, зооноздук, жугуштуу жана паразитардык ылаңдардын алдын алуу, ошондой эле ветеринардык дары каражаттарын туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу-тренинг уюштурулду. Ага жалпы 418 киши катышып, алардын ичинен 290 катышуучу менен кошумча жеке түшүндүрүү аркылуу маектешүү өткөрүлдү.

Кичи жана Чоң Памирге жеткирилген ветеринардык гуманитардык жардамдын курамы төмөнкүчө болду:

🔹Альбендазол – ИММ 6 600 башка, же МЖ 36 000 башка жеткидей көлөмдө;

🔹Топзантел – ИММ 6 000 башка, же МЖ 50 000 башка жеткидей көлөмдө;

🔹Окситетрациклин-200 – жугуштуу жана жугушсуз ылаңдарга чалдыккан айыл чарба жаныбарлары үчүн ИММ 1 000 башка, же МЖ 3 300 башка жеткидей камсыздалды;

🔹Хелп спрей (аэрозоль) жана АСД-3 препараттары – мал-жандыктардын ар кандай сырткы ачык жараларын дарылоо үчүн жетиштүү көлөмдө жеткирилди.

Бул иш-чаранын негизги максаты – Памирдеги кыргыз жамааттарынын айыл чарбасын жана мал чарбасын колдоо, жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp