Нарында “30+20+10” долбоорунун алкагында койлорду жасалма уруктандыруу боюнча семинар өттү

Нарын облусундагы «Азим+С» асыл тукум кой чарбасында “30+20+10” долбоорунун алкагында койлорду жасалма уруктандыруу боюнча облустук деңгээлдеги семинар өттү.

Семинардын алкагында “Сандан сапатка өтүү” демилгеси талкууланып, жасалма уруктандыруу ыкмалары боюнча тажрыйбалар көрсөтүлдү. Азыркы тапта чарбада Министрлик тарабынан берилген асыл тукум кочкорлордун уругу колдонулуп, койлорго жасалма жол менен урук берүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган чарбанын жарымы уяң жүндүү койлордон турат. Ал эми чарбанын материалдык базасын чыңдоо максатында мамлекеттик фонддон 17 гектар жер бөлүнгөн.

Бул иш-чара асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө, жергиликтүү фермерлерди заманбап технологияларга үйрөтүүдө жана малдын генетикалык сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.

Иш-чарага айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, облустук жана райондук жетекчилер, райондук айыл чарба башкармалыктарынын адистери, ошондой эле Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунун дыйкан-фермерлери катышты.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp