Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 9 айдын жыйынтыгын чыгарган отчеттук жыйын өткөрдү. Ага министрдин орун басары Жаныбек Керималиев катышты.
Жыйында төмөнкү багыттар боюнча аткарылган иштерди тууралуу баяндама жасалды:
Бюджет жана каржылоо
• 2025-жылга бекитилген бюджет 971,2 млн сом, такталган бюджет – 984,6 млн сом, анын ичинен 685,8 млн сом каржыланды, аткарылышы 69,6%.
• 2024-жылга атайын эсеп боюнча смета 200,98 млн сом, 9 айда атайын эсепке түшкөн каражат 162,43 млн сом, аткарылышы 80,8% түздү.
• Республикалык бюджеттен 102,6 млн сом биоресурстарга каралган, кошумча тендер аркылуу 127 млн сомго вакциналар алынат. Вакциналар 2026-жылдын I–II кварталына жеткирилет.
Профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар
• 2024-жылы республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар 17 млн 986,6 миң баш малга жүргүзүлдү:
o Диагностикалык изилдөөлөр – 930,6 миң баш
o Алдын ала эмдөө – 16,5 млн баш
o Дегельминтизация – 552,4 миң баш
• 2025-жылдын 9 айына бекитилген план 102% аткарылды.
Жаныбарларды идентификациялоо
• Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасында (ЖИКС) 2,27 млн баш ири мүйүздүү мал, 3,7 миң чочко, 533,1 миң жылкы катталды.
• 2025-жылдын 9 айында республика боюнча 505,6 миң баш ири мүйүздүү мал, 4,4 миң чочко, 59 миң жылкы идентификацияланып, ЖИКСке киргизилди.
Лабораториялык жана ветеринардык ишмердүүлүк
• Сертификациядан өткөн 677 ветеринардык препарат жана тоют кошулмалары катталган.
• Мамлекеттик каттоо: 9 айда мамлекеттик каттоого 158 ветеринардык дары каражаты жана тоют кошулмасы келип тушуп, алардын ичинен 96 аталыштагы ветеринардык дары каражаты жана тоют кошулмасы катталып, 24үнүн документтери толук болбогондуктан артка кайтарылды. План — 150, аткарылышы 64% тузду.
Мал чарбасы
• 2025-жылдын 9 айында 74 248 баш ири мүйүздүү мал жасалма уруктандырылды, анын ичинен 2 381 баш мамлекеттик сатып алынган урук менен.
• Элита станциясы 7 620 кг суюк азот өндүрүп, техник-уруктандыруучуларга жеткирди.
Жайыт жана тоют базасы
• Республикада жалпы жайыттардын аянты – 8 млн 985 миң 813га.
• Дегредацияга учураганы – 139 404 га.
• Жылына эс алдырууга калтырылган жайыттар: 2024-жылы – 371 731 га, 2025- жылы 401 398 га жайыт жерлери эс алууга калтырылган.
• 2025-жылдын 9 айына 4 538,2 тонна тоют даярдалган:
o Силос – 3 663,2 тонна (91,3%)
o Дан өсүмдүктөрү – 540,3 тонна (58,5%)
Экспорт жана чек ара көзөмөлү
• 2025-жылдын 9 айында чек ара ветеринардык көзөмөл пункттарында 50 мыйзам бузуу факты катталып, артка кайтарылган:
o Казакстан – 39
o Өзбекстан – 6
o Россия Федерациясы – 85
• Артка кайтарылган: жаныбарлар – 209 баш, жумуртка – 306 400 даана, сүт азыктары – 77,2 тонна, эт азыктары – 145,2 тонна, тоют – 129,4 тонна, кымыз – 17 786 литр.
Ветеринардык көзөмөл
• Кызматтын ички Реестеринде 3515 ишкана катталган.
• Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 2025-жылдын 6 айында 28 ишкана киргизилди, жалпысы 462 ишкана болду.
• 2025-жылдын 6 айында 2279 субъект пландык текшерүүгө макулдашылып, 2498 субьект текшерилип, ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыктан жалпы 1 млн 403 миң сом айып салынды.
Ветеринардык кызмат жугуштуу ооруларды алдын алуу, биокопсуздукту камсыздоо, жаныбарларды идентификациялоо жана айыл чарба продукциясынын сапатын камсыздоо иштерин системалуу түрдө жүргүзүүдө. Бул чаралар элдин ден соолугу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанилүү.














