“Кэмп Ала-Тоо” жана GIZ (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) уюмдарынын катышуусунда «Жайыт жерлерин жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун» долбоору талкууланды. Ага Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев баштаган адистер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун негизги жоболору каралып, тиешелүү министрликтерге жана мамлекеттик органдарга макулдашууга жиберүүгө даярдалды.
Жобонун максаты — деградацияга учураган жайыт жерлерин жергиликтүү деңгээлде так аныктоо, алардын абалын баалоо жана бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү болуп саналат. Бул демилге жайыт ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, экологиялык туруктуулукту сактоого жана жайыт башкаруу системасын өркүндөтүүгө багытталган.
Долбоордо райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттери жана укуктары так көрсөтүлүп, жайыттарды мониторингдөө жана баалоо иштеринин ырааттуу тартиби белгиленди.
Иш-чаранын катышуучулары долбоордун ишке ашуусу жайыттарды башкаруудагы ачык-айкындыкты жогорулатып, жергиликтүү деңгээлде экологиялык жана социалдык жоопкерчиликти күчөтөрүн белгилешти.






