TCP/KYR/4007 “Жергиликтүү жамааттардын мал чарбачылыгы тармагындагы потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында, өлкөнүн төрт облусунда – Чүй, Талас, Баткен жана Ош облустарында ийгиликтүү өткөрүлдү. Окутууга төрт облустан 70 ветеринар-техник уруктандыруучу катышып, ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруунун заманбап ыкмаларын жана практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүштү.
Эми 22–23-октябрда Жалал-Абад облусунда, 10–11-ноябрь күндөрү Нарын облусунда, 13–14-ноябрда Ысык-Көл облусу өткөрүлөт.
Бул долбоордун алкагында алынган билим жана көндүмдөр фермерлерге төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
• малдын тукумдук сапатын жакшыртуу,
• өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу,
• жугуштуу оорулардын жайылышын азайтуу,
• бука-ургаачы багууга кеткен чыгымдарды кыскартуу.
Окутуу программасы жасалма уруктандыруунун заманбап технологиялары, урукту сактоо жана ташуу эрежелери, гигиеналык нормаларды так сактоо жана процедураны жүргүзүү техникасы боюнча теориялык жана практикалык сабактарды камтыды. Ошондой эле жогорку сапаттагы генетикалык материал менен иштөө жана мал чарбачылыгындагы акыркы илимий жетишкендиктерди колдонуу өзгөчө баса белгиленди.
Бул семинар-тренингдер ветеринардык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүп, өлкөдө мал чарбачылыгынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.








